
Кыргызстанда кумшекерге болгон баа былтыркыга караганда 46 пайызга көтөрүлүп, 19 сомго кымбаттады. Бул тууралуу статистика комитети билдирди.
Статкомдун өлкөнүн 18 калктуу конушу боюнча жүргүзгөн мониторингинде, республикада кумшекердин орточо баасы 59,93 сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын февраль айына салыштырмалуу баанын 46 пайызга өскөнүн көрсөтөт. Кумшекердин чекене баасы эң жогору Ош шаарында сатылып 1 килограммы 64 сомго чейин жетти. Ошондой эле жогорку көрсөткүч Жалал-Абад жана Исфана шаарында байкалган.
Кумшекердин бааларынын эң жогору өсүшү үстүбүздөгү жылдын январь айына салыштырмалуу Жалал-Абад шаарында 14 пайызга, Кара-Балтада 12,7 пайызга, Токтогулда 12,1 пайызга өскөн.
Белгилей кетсек, 25-февралда улуттук банк дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда баалар өсүп жатканына байланыштуу Кыргызстанда да жакынкы аралыкта баалар көтөрүлүшү мүмкүн экендигин эскерткен.
Улуттук банк: жакын арада азык-түлүктүн баасы дагы кымбатташы мүмкүн
Оставьте первый комментарий