Момбеков: Референдум дайындоо боюнча мыйзам долбоорго каза болгон, түрмөдө отурган депутаттар да кол койгон

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Конституциянын долбооруна жана референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбооруна кызыкты. Анын айтымында,  документке көзү өтүп кеткен депутат, коррупция боюнча айыпталган эл өкүл да кол койгон. 

«Азыркы Конституциянын автору ким? Ээси ким, мээси ким? Айтып койгулачы? Дүйнө салган депутат (ред-Алмаз Акматов) да кол коюптур, ал кантип кол койду? Кубанычбек Жумалиев түрмөдө жатат, ал кантип кол койду? Бул долбоор Бөрүбашевдин колу, инструкциясы менен кирди. Элди алдабагыла. Бир дагы депутаттын аты жок кирди. Талант Турдумаматович, 20-январдагы жарлыгыңызды окуп коюңуз. Аталышы эки башка. Эртең бул депутаттар секирет, «мен кол койгон эмесмин» деп. Элдин талабы деп жатасыңар, элдин атынан бир кайрылуу киргизгилечи. Элдин талабы курултай болчу. Элди «кидайт» эттиңер, бизди дагы «кидайт» эттиңер».

Спикер Талант Мамытов аталган демилге өткөн жылдын ноябрда болгонун эскертип, ага бул депутаттар катышканын белгиледи.

Алмаз акматов 28-февралда каза болгон.

Кечээ, 1-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети аны биринчи окууда талкуулап, жактырган.

Парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыяланган долбоорду бийлик апрелде референдумга койгону жатат. Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы жоболор бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*