
Оштогу белгилүү ишкер Жалил Атамбаев мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.
«Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Жалил Атамбаев Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту («Мыйзамсыз баюу») боюнча кармалып, бүгүн УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Жалил Атамбаев Ошто ишкер катары таанымал. Ал ресторан-кафелердин, көп кабаттуу үйлөрдүн жана ишканалардын ээси жана мурда Ош эл аралык аэропортунун милиция кызматынын башчысы болуп иштеген. 2019-жылы Жалил Атамбаевге жана анын жакындарына таандык компаниялар 40 миллион сом салыкты жашырганы аныкталганы кабарланган.
Оставьте первый комментарий