
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кримтөбөл Камчыбек Асанбектин (Камчы Көлбаев) тилкат менен түрмөдөн бошотулушуна түшүндүрмө берди. Бул тууралуу атайын кызмат бүгүн, 3-мартта маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которду.
«Учурда каражаттын калганын мамлекетке кайтаруу боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө. Акыркы мөөнөт — 2021-жылдын апрель айынын аягы. УКМК бул кылмыш иштерин иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу коомчулукка өз убагында маалымат берет. Криминалдык авторитет Камчыбек Асанбек тараптан туура эмес жүрүм-турум болсо мыйзамга ылайык чара көрөт», — деп айтылат маалыматта.
Эске салалы: «Мыйзамдагы ууру” Камчыбек Көлбаев былтыр 22-октябрда уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында кармалган. Ал боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 249-беренесинин биринчи бөлүгүнүн (Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу) негизинде каттоого алынган.
5-ноябрда Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулган. 17-февралда Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 22-мартка чейин узарткан эле.
ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн кылмыштуу уюшкан үч топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталган.
46 жаштагы Көлбаев 2012-жылдын декабрында «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган» деп айыпталып, камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөп, 2014-жылы 8-июнда бошонгон.
АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон.
4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда социалдык түйүндөрдө «Көлбаев Бишкекте бир нече машиненин коштоосунда жүрөт, мамлекеттик резиденция тарапка өтүүгө аракет кылды» деген сүрөт жана видеолор жарыяланган.
Оставьте первый комментарий