Жогорку Кеңеш референдум боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун 3-мартта талкуулап, биринчи окууда кабыл алды. Документти 87 депутат колдосо, тогузу каршы добуш берди.

Каршы добуш берген депутаттар: Жанарбек Акаев, Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев, Каныбек Иманалиев, Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, Евгения Строкова жана Чынара Урумкалиева.

Депутаттар Чынара Урумкалиева менен Айгерим Бешимбаева мыйзам долбооруна автор эмес экенин айтып чыгышты. Алар аты-жөнүн демилечилердин тизмесинен алып салууну өтүнүштү.

Жыйын учурунда Дастан Бекешев, Жанар Акаев, Каныбек Иманалиев, Рыскелди Момбеков жана башка бир катар депутаттар Конституциянын жаңы долбоорунун автору делген депутаттардын аты-жөнүн жарыялоону талап кылышты.

Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат.

Парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыяланган долбоорду бийлик апрелде референдумга койгону жатат. Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы жоболор бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун айтууда.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*