Өкмөт: Финпол жоюлду

Сүрөт: Клооп

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) жоюлду. Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун министрлер кабинетинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, көмүскө экономиканын деңгээли 130 миллиард сом же ички дүң продукциянын 23,6 пайызын түзөт. Ал эми көз карандысыз эксперттер аталган көрсөткүч 24-43% экенин айтышууда. Бул Финполициянын иши максатка ылайык жүргүзүлбөй жатканынан кабар берет.

Марипов кол койгон токтомдо аталган кызмат экономикалык коопсуздукту камсыздап, божомолдоо жүргүзүү функцияларын аткарбай эле, акыркы убакта жазалоо менен гана алектенип калганы белгиленет.

Финполицияны 2020-жылдын октябрь окуяларынан соң Сыймык Жапыкеев жетектеп келген.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*