Коронавирус дагы 41 адамга жукту, эки бейтап көз жумду

Кыргызстанда 5-мартка карата дагы 41 адамга коронавирус жугуп, эки бейтап көз жумду. Мурда ооругандардан 49 киши сакайды.

Илдетке каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын маалыматына ылайык, илдеттен каза болгондордун экөө тең Бишкекте. Коронавирусту жаңыдан жуктуруп алгандардын да эң көбү борбор калаада катталды. Маалыматка караганда, Бишкекте 17 адам, Чүйдө тогуз, Ысык-Көлдө жети, Жалал-Абад облусунда үч, Нарын менен Баткенде экиден учур жана Ош шаарында бир киши табылды. Соңку сутка ичинде Талас жана Ош облустарында оору катталган жок.

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жугузгандардын саны 86 451 адамга жетти. Алардын 1670и кайтыш болуп, 83424ү айыкты.

Учурда ооруканада жаткан 17 бейтап өтө оор, 93 киши оор, 248 адам орточо оор абалда.

Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин саны 4 206га жетти. Анын 4 194ү айыгып, 90дон ашууну каза болду. Сутка ичинде Бишкекте бирмедицина кызматкери коронавиру жугузуп алды. Ал эми үй карантининен төртөө чыгарылган.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*