«Кызматка коюуу үчүн 15 миң доллар сураган». Жапаров, Ташиев менен тааныштыгын айтып кызмат сунуштаган адам кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин маалымат кызматынан билдиргендей, мамлекеттик кызматтан жетекчилик орун убада кылып, пара алып жаткан жаран кармалды.

Маалыматка ылайык, шектүү президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге жакын киши экенин айтып башкалардын ишеничине кирген.

«Ал А.Б.А. аттуу жаранды 15 миң долларга мамлекеттик кызматтагы жетекчи орунга дайындоону убада кылган. Бул үчүн андан алдын ала 1 000 доллар аванс алган», — деп айтылат атайын кызмат тараткан билдирүүдө.

Аталган факты Кылмыш кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык»)боюнча иш козголгон.

Мындан тышкары, УКМК ушундай көрүнүшкө туш келгендерди же күбө болгондорду (0312) 66-00-20, (0312) 66-04-75 телефон номерлерине байланышып билдирүүнү өтүнөт.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*