Жалил Атамбаев 50 млн. сом төлөп үй камагына чыкты

Мыйзамсыз байыды деп кармалган ишкер Жалил Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин депозиттик эсебине 50,5 миллион сом төлөп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-мартта карады.

Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө менен кызматташууга жана белгиленген зыяндын ордун мамлекеттик бюджетке төлөп берүүгө даяр экендиги жөнүндө өтүнүч келтиришкен. Анын алкагында Жалил Атамбаев УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сомдон ашык салган. Калган 50 миллион сомду ушул
жылдын март айынын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилди.

«Келтирилген зыяндын ордун жарым-жартылай төлөп берүүсүнүн жана тергөө менен кызматташууну эске алуу менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жалил Атамбаевди үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады», -деп айтылат маалыматта.

Жалил Атамбаев 4-мартта кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал ички иштер органдарынын кызматкери болуп иштегенде мыйзамсыз ишкердик менен алектенип, жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлк алганын, аны жакын туугандарына каттап койгону аныкталганын атайын кызмат билдирген.

 

Жалил Атамбаев Ошто ишкер катары таанымал. Ал ресторан-кафелердин, көп кабаттуу үйлөрдүн жана ишканалардын ээси жана мурда Ош эл аралык аэропортунун милиция кызматынын башчысы болуп иштеген. 2019-жылы Жалил Атамбаевге жана анын жакындарына таандык компаниялар 40 миллион сом салыкты жашырганы аныкталганы кабарланган.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*