Коронавирустан дагы бир киши кайтыш болду, илдет 55 адамдан аныкталды

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 6-марттагы маалыматына караганда, бир суткада оору 55 адамдан табылды. Илдеттен Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болду. Мурда ооругандардын арасынан 60 адам сакайды.

Оору жуктуруп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында — 21, Чүйдө -14 жана Ысык-Көлдө — 11 адам. Ош шаары менен Нарын облусунда экиден учур катталды. Ош облусунда — 3, Жалал-Абад менен Баткенде да бирден учур. Ал эми Таласта илдет катталган жок.

Ошентип, пандемия башталган былтыркы жылдын март айынан бери Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын саны расмий эсепте 86 506га жетти. Алардын 83 484 сакайып, 1471и жашоо менен кош айтышты.

Азыркы тапта ооруканаларда 17 бейтап өтө оор, 83ү оор, 240ы орточо оор абалда жатат.

Автор Т-медиа 12136 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*