
«Үлүш жерлерибизди Папан айыл өкмөтүнүн жашоочулары мыйзамсыз басып алышты». Мынтип даттанган Оштун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жашоочулары 4-мартта Ош облустук прокуратурасына нааразы болуп барышты. Айтымдарында, алардын сугат багытындагы үлүш жерлерине папандыктар үй салып жатышат.
Жер талашкан жашоочулардын жаңжалы былтыр күздөн бери уланып келүүдө. Айтымдарында, Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Дыйкан-Кыштак айылындагы 10 адамдын үлүш жерине папандыктар баскынчылык менен турак-үйлөрдү салып алышты. «Жерин тарттырым жибердим» деп даттангандар буларды айтып беришти:
«Үлүш жер бизге 1995-жылы берилген. Ошондон бери иштетип жүргөнбүз. 2020-жылы арпа эгип, жыйнап алгандан кийин эле 6-сентябрда белгисиз жарандар, кийин тактасак Кожокелеңдин тургундары экен. Алардын башчысы Сүйүмкан Абытова деген аял. Өзүбүздүн үлүшүбүзгө өзбүздү киргизбей эле кууп чыгып атат да», -дейт Учар айылынын тургуну Гулмира Сатарова.
«Папан айыл өкмөтүндөгүлөр «Жерди Рада менен Тойчу деген түнү саат экиде тартып берген» дейт. Алар «бул Учар айылына карайт, биз тартып берген эмеспиз» деп көрсөтмө берип атат. Азыр эми Сүйүмкан атуу аял башында турат экен», -деди Айэмир Шерматов.
Сүйүмкан Абытова болсо айтылгандардын баарын четке кагат. Ал төрт сотыхтан турган эки чекти Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчиси Алмаз Абдыкеримовдон сатып алганын айтты. Үйүн мыйзам чегинде салганын кошумчалап, жерлерди сатууга тиешем жоктугун айтууда.
«Бул жерди бизге Алмаз Абдукеримов саткан. Ал кишижерлерди жергиликтүү тургундардан 70 миң долларга сатып алыптыр. Абдукеримовдун соту болуп, бизге Мыктыбек деген киши ушул жерлер сатылат деген. Азыр колубузда кызыл китебибиз бар. Негизи жер папандыктардыкы экен да. Алар келгенде Төлөйкөн айылынын эли ара жолдо калып жатышат. Алмаз Абдукеримов болсо ал жакта отуруп алып, элди ортого салып коюп атат», -дейт Абытова.
Мынтип орток пикир таба албай жаткан жашоочулардын иши сотко да ашкан. Кара-Суу райондук соту чечимди үлүш ээлеринин пайдасына — төлөйкөндүктөргө чыгарган. Иш облустук сотко да ашып, азырынча каралып бүтө элек. Мындан улам доогер тарап ишти тездетүүнү талап кылып облустук прокуратурага келишти.
«Кылмыш иши козголгон. Бирок чечкиндүү иш-аракеттер жок. Ушул күнгө чейин басып алган адамдар суралган эмес. Эмне максатта басып алышты? Кайсы документтерге таянып басып алышты? Дагы бир белгилеп кетчү маселе, соттук жараян жүрүп жаткан убакта алар тарабынан бир дагы документ көрсөтүлбөдү. Кызыл китеп, токтом же болбосо архитектуралык пландоо шарттары жок», -дейт үлүш ээлеринин юристи Талант Жээнтаев.
Даттануучуларды облустук прокурор журналисттерди киргизбестен кабыл алды. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында, жерди басып алгандарды бир ай ичинде суракка алып, ишти тездетүүнү убадалады.
«Жарандарды облустук прокурор өзу кабыл алып, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди. Бул иш былтыр ноябрдан бери Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгында тергелип жатат. Тез аранын ичинде бир чечим кабыл алынып, жыйынтык чыгат», -деди Ош облустук прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Иличбек Исамамбетов.
Талаш болгон жердин аянты эки гектар 14 сотых. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн билдиришине караганда, айыл чарба багытындагы жер болуп алардын балансында турат жана ал мурдагы айыл өкмөт башчынын тушунда сатылып кеткен деген маалымат чындыкка дал келбейт.
«Биз барганда эч кимдин колунда жерди сатып алганы тууралуу же болбосо бир жагы берилгени боюнча уруксат кагаздары жок болуп чыкты. Азыр салынып аткан турак-үйлөр мыйзамсызт курулуш болуп атат. Аларды тиешелүү инстанцияларга бергенбиз. Каралып, райондук соттон өтүпмыйзамсыз экени аныкталган. Бирок ар биринин жазган арызынын негизинде азыр облустук сотто каралып жатат. Облустук соттун чечими чыгып, ошол нерсе далилденсе үйлөрдү бузууга уруксат берилсе керек», -деди Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн бузуулар боюнча комиссиясынын төрагасы Манапбай Эдилбеков.
Деген менен үлүш ээлерибиз деген жарандар жерди тартып алган тарап учурда сатыкка коюп жатканын айтып деп кабатыр. Айтымдарында, алар үлүш ээлерине өз жерин чек катары берүүнү сунуштаган. Эми маселе кимдин пайдасына чечилет соттун жана тергөөнүн жүрүшүнө көз каранды.
Оставьте первый комментарий