Оштун 13 миңден ашык тургуну шайлоого катыша албай калышы мүмкүн

Ош шаарынын 13 186 тургуну биометрикалык каттоодон өтпөгөнү үчүн шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу 5-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ош облустук шайлоо өткөрүү штабынын жыйынында билдирди.

Аймактык шайлоо комиссиясынын алдын ала тактаган маалыматына караганда, Ош шаарында 151 149 адам шайлоочулардын тизмесине кирген.  Калаада 78 шайлоо участкасы иштейт.

«Буга окшогон маселелерди чечүү максатында мамлекеттик каттоо кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барат жана мобилдүү автобустар аймактарды кыдырып иштейт. 16-мартта он мобилдүү автобустун келиши күтүлүп жатат. Эми алар элди кыдырып, мөөнөтү өтүп кеткен паспортторду алмаштыруудан сырткары, жарандарды каттоо жана биометрикалык каттоодон өткөрүү боюнча иш алып барат», -дейт Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Юсупов.

1-мартта жергиликтүү кеңештерге шайлоого катыша турган партиялардын документтерин кабыл алуу аяктады. Ошто 10 партия арыз тапшырды. Эми 10 күн ичинде партиялар менен талапкерлердин документтери текшерилип, аларды каттоо же баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынат.

Ош шаардык кеңешине аттанган партиялар

Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин 10 партия билдирип, документ тапшырды. Алар: «Тилектештик», «Ата Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Бүтүн Кыргызстан», «Бир Бол», «Улуу журт», «Улуттар Биримдиги», «Ыйман нуру», «Республика» жана «Ынтымак».

Кайсы партиялар шайлоого катышуудан баш тартты?

«Элдик» жана «Ата Журт» партиялары документтерин чакыртып алып, Ош шаардык кеңешине ат салышуудан баш тартты.

Шаардык кеңеш 45 мандаттан турат. Шайлоого саясий партиялар катышып, утуп чыккандары төрт жылдык мөөнөт иштейт.

Былтыр апрелде Кыргызстанда беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болмок. Бирок коронавируска байланыштуу абалдан улам бул өнөктүк убактылуу токтотулган.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болот. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. 28 шаардык кеңешке 61 саясий партия катышуу ниетин билдирди.

Үгүт өнөктүгү 11-мартта, саат 23:59да башталат.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*