
Президент Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчы аялдардын мамлекетти башкаруудагы ролун арттырууга аракеттер жасалып жатканын айтты. Ошондой эле коронавирус пандемиясы аялдардын түйшүгүн көбөйткөнүнө токтолуп, дарыгер, медайым, ыктыярчы катары илдет менен күрөшүүдө алар алдыңкы катарда турганын белгиледи.
«Аялдар коомдун бардык тармактарында эмгектенип, жумушка жооптуу жана жаңычыл мамиле жасоонун өрнөгүн, реформаларды жүзөгө ашырууга дилгирлигин көрсөтүүдө. Бул жетишкендиктерди андан-ары бекемдөө үчүн аялдардын башкаруудагы ролун арттырууга күч үрөп жатабыз. Жакында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда биринчи жолу аялдарга отуз пайыз квота берилет, демек, алар жергиликтүү деңгээлдеги саясий процесттерге да таасир этүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат».
1975-жылы Бириккен Улуттар Уюму 8-мартты Аялдардын эл аралык күнү катары жарыялаган. Ошондон тарта бул күн аялдардын укугун коргоо Эл аралык күнү жана эл аралык тынчтык күнү катары белгиленип келет.
Оставьте первый комментарий