Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна жана ЖКнын тарашын талап кылган митинг өтүп жатат

Кактус Медианын түз фиринен скриншот

Бүгүн, 9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митинг өтүүдө. Чогулгандар «Парламент таркасын!», «Хандыкка жол жок!», «Стоп Ханституция!» деген жазууларды көтөрүп алышкан.

Иш-чаранын уюштуруучусу, “Ханистутицияга каршы” борборунун өкүлү Жеңиш Молдакматов буларды айтты:

«Сиз шайлоого келе жатканда (ред: Садыр Жапаров) «3 айдан кийин реформалардын жыйынтыгын көрөсүңөр» деп сөз бергенсиз. Үч айдан кийин “реформалардын жыйынтыгын беш айдан кийин көрөсүңөр” дедиңиз. Бул менин сөзүм эмес, сиздин сөзүңүз. Дебатка чакырып жолуга алган эмесмин. Аргасыздан Ак үйдүн алдында журналисттер аркылуу кайрылууга туура келип жатат. Сиздин бийликке келгениңизге толук алты ай өттү. Эмне өзгөрдү? Эч нерсе өзгөргөн жок. Эмне реформа болду? Сиз жаңы кадрлар келет дедиңиз. Бишкекте бир күндө үч мэрди алмаштырдыңыз. Саясий реформаңыз мыйзамсыз жүрүп жатат. Токтоңуз, кеңешчилерди укпаңыз. Сизди президент деп коёт. Мамлекетти өнүктүрүү жол картасын элге бериңиз. Биз жарым жылдан бери мамлекет каякка баратат? деген ой менен жашап калдык. Мына ошондо сизди президент катары тааныйбыз, болбосо сиз биз үчүн президент эмессиз», — деди Молдакматов.

3-мартта Жогорку Кеңеш Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган.  Документти 87 депутат колдосо, тогузу каршы добуш берген.

Автор Т-медиа 11673 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*