
Кара-Суу районунун Бөрү айылынын жаштары каражат чогултуп, жалгыз бой энеге үй куруп беришти. Өткөн жылдын күзүндө башталган турак жайды кечээ, 8-март майрамга карата бүтүрүп беришкен.
Папан аймагынын Бөрү айылынын тургуну Орозгүл Беккулова бир топ жылдан бери өзү жалгыз күн кечирип келген. Анын үйүнүн эскилиги жетип бирок, оңдоого эненин мүмкүнчүлүгү болгон эмес.
«3 кызым бар. Жолдошум көп жыл мурун каза болуп калган. Үй салганга шартым жок болчу. Азыр эми жаңы үйлүү болуп олтурам. Айылдагы балдарга рахмат», — дейт Орозгүл Беккулова.
Бул демилгени айыл жаштары бир жыл мурун көтөрүп чыгышкан. Өз ара сүйлөшүшүп, чет өлкөдө иштеп жүргөн айылдаштар да колдоп, акчалай жардам беришкен.
«5 айдын ичинде бүтүрдүк. Усталар да өзүбүздүн айылдаштар болду. Алар эмгеги үчүн акы албай, жасап беришти. Бардык жаштар колунан келген жардамын берип, 2 бөлмөлүү үй салып бердик», —деди демилгечилердин бири Кутманали Карыбеков.
Оставьте первый комментарий