Кыргызстанда аялдардын жарымынан азы жумуш менен камсыздалган. Инфографика

Кыргызстанда аялдардын саны эркектердин жалпы санынан көбүрөөк болуп, 3,3 млнду түзөт. Аларды жарымынан азы же 48 пайызы жумуш менен камсыздалган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата тараткан маалыматында билдирди.

2020-жылдын ноябрь айына карата сурамжылоодо аялдардын эмгек акысы эркектердин маянасынан азыраак экени аныкталган. Себеби, айлык акысы аз болгон билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштеген жумушчулардын басымдуусун аялдар түзөт.

Ошондой эле, калктын курамында жаштардын саны көп болгондуктан Кыргызстанда никеге туруу көрсөткүчү жогору. 2020-жылы турмушка чыккан кыздардын саны 40 миңди түзгөн, алардын ичинен 94 пайызы — биринчи жолу никеге тургандар. Улутстаткомдун маалыматына караганда аялдар 18-25 жашында үй-бүлө түзүп, орточо 24 жашында биринчи перзенттерин күтүшөт.

Статистика боюнча аялдар эркектерге караганда узагыраак жашайт. 2019-жылга карата болжолдуу жашоо узактыгынын көрсөткүчү боюнча аялдардын курагы 76 жашты түзгөн болсо, эркектер 68 жаш деп белгиленген. Ошондой эле, эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда бир жарым эсе жогору.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1425 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*