
Президент Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Анда эки өлкөнүн башчылары көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат.
«Кыргызстан менен Өзбекстан стратегиялык өнөктөштөр. Биз өз ара байланыштардын бардык чөйрөсүндө жогорку деңгээлдеги кызматташтык менен мүнөздөлгөн ынак коңшулук жана достук мамилелерибизди мындан ары дагы өнүктүрүү жана бекемдөө ниетиндебиз.
Алдыдагы иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт», — деп айтылат маалыматта.
Иш сапардын жүрүшүндө президент Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылууда.
Мындан тышкары, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында алдыдагы иш сапардын алкагында кыргыз-өзбек бизнес форуму да өтөт.
Оставьте первый комментарий