Акимдерди аттестациялоо коррупцияга жол ачабы?

Сүрөт: Александр Астафьев

Кыргызстанда эртең, 11-марттан тартып аким жана анын орун басарларын аттестациялоо башталат. Район жетекчилерин баалоо алардын билимин жана кесипкөйлүгүн текшерүү үчүн жүргүзүлүүдө. Ал арада акимдерди аттестациядан өткөрүү коррупция менен коштолуп, бийликтин бул кадамынан жыйынтык чыкпайт дегендер бар. 

Өлкөдө район жетекчилерин аттестациядан өткөрүү Нарын облусунан башталганы турат. Ал үч баскыч менен жүрүп, аким жана анын орун басарларынын билим деңгээли жана кесипкөйлүүгү текшерилет.

 

Аттестациялык комиссия район башчыларынын билим деңгээлин жеринде барып баалайт. 11 адамдан турган комиссиянын курамын президенттин, өкмөт аппаратынын жана тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү камтыйт. Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Абдырахман Маматалиев аттестациялоо ачык-айкын өткөрүлөт деп ишендирүүдө.

«Тесттин суроолору эч кимге берилбейт. Тест башталаар алдында Бишкектен компьютер аркылуу жөнөтүлөт. “Кимдир бирөөлөргө алдын ала сатат экен” деген болбогон сөздөр. Илгери болгондур, эми андай эмес. Акимдер арасында билими жоктор бар. Ошолорду электен өткөрөбүз».

Аттестациялоо 11-марттан башталып ар аймакта ар башка мөөнөттө өтөт. Район жетекчилерин электен өткөрүү Баткен облусунда 15-16-марттарда, Жалал-Абадда 17-18-март жана Ош облусунда 23-24-март күндөрү болот. Аттестациядан өтпөй калган район башчылары кызматынан бошотулат.

Мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймагы боюнча жетекчиси Алмаз Аккозов билдиргендей, комиссия сынактын жыйынтыгына жараша үч чечим чыгарат:

  • «Өз кызматына ылайык келет жана жогорулоого мүмкүнчүлүгү бар» деп кадрлар резервине киргизилет;
  • Өз кызматында калтыруу чечими;
  • «Ээлеген кызматына ылайык эмес» деген чечим менен жумуштан четтетилет.

«Кызмат ордуна шайкеш келбейт деген чечим болсо, премьер-минитстр тарабынан да ушундай чечим кабыл алынса, анда ал аким жана орун басарлар кызматтан бошотулат. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан 19-мартка чейин документ кабыл алуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө иштеп жаткан акимдердин ордулары дагы документтер кабыл алынат. Бул — резервке кирүү үчүн болуп жаткан сынак», -дейт Мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймагы боюнча жетекчиси Алмаз Аккозов.

Акимдерди аттестациялоо коррупцияга жол ачабы?

Район башчыларын аттестациядан өткөрүүнү сындагандар да бар. Соцтармак колдонуучуларынын пикиринде, акимдердин билим деңгээлин баалоо жең ичинен сүйлөшүүгө түрткү берип, коррупцияга жол ачышы мүмкүн.

Акимдерди өз райондорунда аттестациядан өткөрүү — бул чөнтөк кампайткандын жаңы жолу

Опубликовано Семетеем Талас Уулу Понедельник, 8 марта 2021 г.

Саясий талдоочу Абжапар Аккулов акимдерди аттестациядан өткөрүү жемкорлук менен коштолооруна шек жок деген пикирде. Ал ачык-айкындуулук принциптери мамлекеттик коомдук комиссия баалаганда гана сакталат деген оюн айтат.

«Мурда иштеп кеткен тажрыйбалуу кишилер арабызда жүрөт. Жашы бир топко барып калса дагы акыл-эси, дарамети дагы эле бар. Комиссиянын курамына мүмкүн жергиликтүү активдүү жарандардан кошулса жакшы болмок. Анан сөзсүз өкмөттүн тийиштүү тармактарында иштеген адистер комиссияда турушу керек. Мамлекеттик кызматта иштеген адамдардын сынынан сөзсүз өтүшү зарыл».  

Кыргызстанда 40 район бар. Азыр анын бешөөндө акимдин, бирөөндө орун басарынын кызматы бош турат. Буга чейин район башчыларын премьер-министр дайындап келген.  Ушул жылдын 29-январында президент Садыр Жапаров чыгарган жарлыкка ылайык, аларды кызматка дайындоо аттестациялык жана конкурстук негизде кадрлар резервине киргизүү аркылуу каралат.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*