БШК жеке коргонуучу каражаттарды алуу үчүн 15 миллион сомго тендер жарыялады

Борбордук шайлоо комиссиясы жеке коргонуучу каражаттарды сатып алуу үчүн 15 миллион 41 миң сомго сынак жарыялады. Бул тууралуу кабар мамлекеттик сатып алуу порталына чыкты.

Порталдын сайтындагы маалыматка ылайык, бул каражатка төмөнкүлөр сатылып алынат:

  • тазалоочу каражаттар;
  • медициналык беткаптар;
  • респираторлор;
  • кол каптар;
  • аймактагы шайлоо комиссиянын мүчөлөрүнө комбинезондор;
  • спирт аарчыгычтар.

Кошумчалай кетсек, 5 млн сомго аймактагы шайлоо комиссиянын мүчөлөрүнө комбинезондор алынат.

9-мартта жарыяланган сынакка документ берүү 30-мартта аяктайт.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*