Кара-Кулжада мектеп имараты толугу менен күйүп кетти

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Буйга айылындагы мектеп толугу менен күйүп кетти. Тилсиз жоо бүгүн катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жалпы аянты 350 чарчы метр болгон Ж. Абидинов атындагы орто мектепти өчүрүп үлгүрүүгө мүмкүн болбой калган.

Өрт тууралуу маалымат ӨКМге таңкы саат 04:16да түшкөн. Саат 06:35те чектөөгө алынып, 08:25те толук өчүрүлгөн.

Учурда себебин тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*