«100 миң сом алып бербей койгон». Ошто УКТ мүчөсү кармалды

Ошто жай тургундан алдоо жолу менен 100 миң сом акча алып, кайтарып бербей качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн 10-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын күз айында Ноокат шаарынын тургуну, өзүнө чала тааныш адамга 100 миң сом акча каражатын берген. Ал кийинчерээк аталган тургундун ишенимине кирип дагы 5 миң сом алып, андан соң качып кеткен.

Аталган кылмышка шектелип Ноокат районунун аймагынан Ош шаарынын 38 жаштагы тургуну кармалды. ИИМдин маалыматына караганда, ал мурда үч жолу соттолгон жана Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 204-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Азыркы учурда иликтөө жүрүп жатат.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1494 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*