
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчилигинин атын жамынып, кылмышка шектелип жаткан жарандан 180 миң АКШ доллар алган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн 10-мартта атайын кызматтын маалымат кызматы билдирди.
Кечээ, 9-мартта шектүү катары 49 жаштагы К. А. жана 43 жаштагы М.К. кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Маалыматка караганда алар, укук коргоо органдарындагы жетекчилердин бирин кармоо боюнча тергөө иштери жүрүп жаткан кезде атайын кызматтын жетекчилигинин атын жамынып, шектелип жаткан адамдын туугандарынан 180 миң доллар алган. Иш боюнча оң чечим чыгарып берүүнү убадалашкан.
Бул Факт Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Атайын кызмат аталган адамдардын алдамчылык аракеттерине чалдыккан жарандар болсо, тиешелүү арыз менен же телефон аркылуу УКМКнын нөөмөт кызматынын (0312 66-04-75) номерине кайрылуусун суранат.
Оставьте первый комментарий