Өзбекстан Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлөт

Ар кыл экономикалык долбоорлор үчүн Өзбекстан Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Жыйында депутаттар Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндөгү келишимдин ратификациясын жактырышты.

Макулдашууга ылайык, Өзбекстан Кыргызстанга каражат бөлөт, фонддун кеңеши куралат, ага Кыргызстандын жарандары кирет. Директорлор кеңеши үч өзбекстандык, эки кыргызстандык өкүлдөн турат.

Биргелешкен фонд түзүү 2017-жылы ал кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандагы сапарында эле демилгеленген. Бирок план эми гана иш жүзүнө ашууда.

Өлкө президенти Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Ташкентке барат.

Автор Т-медиа 12140 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*