Парламентте камактагы депутат Төрөкуловдун Референдум жөнүндөгү долбоорго добуш бергени сынга алынды

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеште бүгүн, 10-мартта Конституциянын жаңы долбоорун экинчи окууда кароо тууралуу сунуш айрым депутаттардын каршы пикирин жаратты.

Эл өкүлү Дастан Бекешев коррупцияга шек саналып камакка алынган Дүйшөн Төрөкуловдун жана айрым депутаттардын сессияга катышпай туруп, референдум өткөрүүнү колдоп добуш бергенин сындады. Ал төрага Талант Мамытовго «Бул мыйзамсыз да, туурабы? Же мыйзамдуу деп эсептейсизби?» деп суроо салды.

«Мен депутаттардын добуш бергенине комментарий бере албайм. Бирок регламент талаптарына ылайык туура маселе. Жанакы Дүйшөн Төрөкулов боюнча маселе бар. Бирок аны алып салганда дагы добуш жетип атат», — дейт Талант Мамытов.

Дастан Бекешев аны парламент төрагасы катары добуш берүү жараянын көзөмөлгө албаганын сындады.

«Бир эле Дүйшөн Төрөкулов эмес, бул жерде башка депутаттар да жок болгон. Далилдер бар, видеотасма бар. Сиз спикер катары көзөмөлдөп, «мыйзамды сактайлы» деп катуу айтышыңыз керек болчу. Регламент бузулду. Аны сиз көрдүңүз. Кээ бир депутаттар беш компьютердин кнопкасын басышкан».

Конституциянын жаңы долбоорун элге алып чыгуу боюнча бир катар регламент бузулуп жатканын депутат Жанар Акаев да билдирди. Жыйын башталып күн тартиби бекитилип, бир мыйзам каралгандан кийин эл өкүлү Бактыбек Турусбеков чыгып Референдум дайындоо мыйзамын күн тартибине киргизүүнү сунуштап, добуш берүү менен чечилди. Андан соң Акаев микрофонго чыгып нааразычылыгын айтты.

«Биринчиден, мыйзам долбоорлору каралып жатканда күн тартибине өзгөртүү киргизилбеши керек. Экинчиден, регламентти өткөн шаршемби күнү да одоно буздук. Анткени 85-берененин 4-пунктунда добуш берүү укугун башка депутатка берүүгө тыюу салынат деп так жазылган. Абакта жаткан Дүйшөн Төрөкулов «макул» деп добуш бергени чыкты. Демек биз бүгүн Конституцияны экинчи, үчүнчү окуудан карабашыбыз керек, кайра биринчи башкарууга өтүшүбүз шарт. Эгер ушундай жол менен кетсек шерменде Конституция болот», — деди Акаев.

Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынды. Расмий маалыматка караганда, аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш беришти, 21и катышкан жок.

Депутат Жанарбек Акаев добуш бергендер тууралуу тизменин сүрөтүн «Фейсбукка» чыгарды. Анда Төрөкулов мыйзам долбоорду колдогону көрүнүп турат. Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга шек саналып 15-январда кармалган. Сот анын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алынган. Азыр депутат Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурат.

Андан тышкары былтыр 17-ноябрда 80 депутат демилгечи болуп сунуштаган Баш мыйзамдын жаңы долбооруна кол койгон депутаттардын колу Конституциялык кеңешме быйыл февралда жазып бүткөн документке кайра коюлганы сынга кабылган. Алардын арасында мандатын тапшырып кеткен мурдагы депутат Максат Сабировдун, көзү өтүп кеткен депутат Алмазбек Акматовдун да колу бар.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*