Баткенде УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүү болду

Чек ара аркылуу контрабандалык товарларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн аракеттер учурунда УКМКнын эки кызматкери жараат алды. Окуя бүгүн 11-мартта Баткен районунун Самаркандек айылында болгон.

Аталган кызмат тараткан маалыматка ылайык, Самаркандек айылында жайгашкан кампага тинтүү жүргүзүү учурунда, анын ээси жетектеген 20га жакын жарандар, контрабандалык жүктү кармоого жол бербөө үчүн, кызматкерлердин мыйзамдуу иш аракеттерине каршы ок атуучу курал колдонулуп, физикалык каршылык көрсөтүшкөн.

«Кылмыштын процесстик документтерин алдын алуу максатында, аткезчилер тобу менен УКМК кызматкерлеринин ортосунда массалык кагылышуу болгон. Мамлекеттик каттоо номерлери жок, оор жүк ташуучу алты унаанын экөө чек арадан чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Жыйынтыгында УКМКнын эки кызматкери денесине жеңил жаракат алышкан. Учурда окуянын катышуучулары кармалып, бул иш боюнча милициянын ыкчам тергөө тобу биргеликте иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Учурда факт боюнча УКМК кылмыштын бардык жагдайларын жана катышуучуларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда. Мындан сырткары, атайын кызмат укук коргоо жана башка органдардын мыйзамдуу аракеттерине тоскоолдук кылууда жоопкерчилик  бар экендигин эске салышат.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*