Камактагы депутат Дүйшөн Төрөкулов парламенттин жыйынына келди. Видео

Түз эфирден скриншот

Жогорку Кеңештин депутаты, коррупцияга шек саналып камакка алынган Дүйшөн Төрөкулов парламенттин бүгүн, 11-марттагы жыйынына катышууда. Ал журналисттерге интервью берип жатканы социалдык тармактагы түз эфирлер учурунда көрсөтүлдү.

Ал журналисттердин суроосуна жооп берип кечээ, 10-мартта Биринчи Май райондук соттун чечими менен үй камагына чкканын билдирди.

Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга шек саналып 15-январда кармалган. Сот анын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алынган. Депутат Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган.

Анын абактан боштулганы тууралуу расмий маалымат бериле элек болчу.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*