Коронавирус дагы 52 кишиден аныкталды, каза болгондор жок

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 52 кишиден жаңы аныкталды. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 11-мартта билдирди.

Алардын ичинен эң көбү Бишкек шаарында катталды. Борбор калаада 26 адам вирусту жугузуп алган. Чүйдө — 16, Ош облусунда — 6, Ысык-Көл менен Баткенде экиден учур табылды. Соңку сутка ичинде Талас, Нарын, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында илдет жуктуруп алгандар болгон жок.

Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1476 кишиге жетти.

Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 86 692 киши болду. Анын 83 718и айыгып чыкты.

Азыр 291 киши ооруканаларда жатат. Анын 15инин абалы өтө оор, 79 кишинин акыбалы оор деп бааланган. Үй шартында 264 адам дарыланып жатканы расмий кабарланды.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*