
25-февралда sputnik.kg агенттигинде «COVID жуктурган кош бойлуулар көбүнчө эрте көз жарат. Иликтөө» аттуу материал жарыяланды.
Анда Лондондук адистер кош бойлуулар вирустун айынан эрте төрөп жатканы менен баласынын салмагы аз болуп же өлүү төрөлбөгөндүгүн айтканы жазылган.
«Адистердин иликтөөсүнө ылайык, Улуу Британияда коронавирус инфекциясы менен ооруган боюнда бар аялдардын 12 пайызы эрте көз жарган. Ал эми орто эсеп менен британиялык аялдардын 7,5 пайызынын наристеси ара төрөлгөн. Ал эми Америкада COVID-19 жуктурган же шектелген келиндердин убагынан эрте төрөшү 15,7 пайызды түзгөн», — деп айтылган маалыматта.
Спутник агенттиги материалында Россиянын «Известия» басылмасына шилтеме берип, анда лондондук окумуштуулардын айтканы белгиленген.
Ал эми биз россиялык басылма news.sky.comго таянып жарыялаганын билдик.
Демек, бул материалдын эң биринчи булагы news.sky.com. Ал сайт Лондондогу Империал Колледжи тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөгө таянып жазып чыккан.
Изилдөөгө 2020-жылдын январь айынан август айына чейин төрөгөн Улуу Британиядан жана АКШдан COVID-19дан күмөн санаган же ырасталган 4004 аял катышкан.
Лондондук адистер кош бойлуулар вирустун айынан эрте төрөп жатканы менен баласынын салмагы аз болуп же өлүү төрөлбөгөндүгүн айтышкан. Бирок, изилдөөнүн улук автору, профессор Кристоф Лис мунун себеби азырынча «толук так эмес» деп белгилеген. Буга жарым-жартылай дарыгерлердин COVID-19 инфекциясынын энеге жана балага тийгизген таасири боюнча эртелеп төрөөнү тандап алганы себеп болушу мүмкүн экенин божомолдошкон.
Изилдөөнү каржылоого көмөктөшкөн Медициналык Изилдөө Кеңешинин аткаруучу төрагасы, профессор Фиона Ватт:
«Кош бойлуулук учурунда COVID-19 менен ооруган аялдарда өлүү төрөт жана жаңы төрөлгөн балдардын өлүм коркунучу жок экендиги жөнүндө изилдөөнүн жыйынтыктары кубандырат. Бирок, изилдөө COVID-19 энелердин натыйжаларына же эрте төрөттөргө таасир этерин аныктоо үчүн көбүрөөк изилдөө жүргүзүү зарыл», — деп белгилеген.
Жыйынтык: Коронавируска кабылган кош бойлуулар эрте көз жара тургандыгы толук далилдене элек. Окумуштуулардын айтымында маалыматты тастыктоо үчүн кошумча изилдөөлөр талап кылынат.
Оставьте первый комментарий