Ошто уулануудан эки киши каза болду, бирөө реанимацияда

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылында тамак-аштан ууланып эки киши каза болду. Алардын бири — 51 жаштагы аял Нариман ооруканасында 10-мартта кайтыш болсо, Ош шаарындагы ооруканада жаткан дагы бир бейтап 11-мартта көз жумган. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мамирасул Өмүрзаков билдирди. 

Анын айтымында, Наримандын тургуну 60 жашка чыкканын белгилөө үчүн досторун, туугандарын жана классташтарын үйүнө чакырган. 7-8-9-мартта юбилейге келген кишилерде уулануунун белгилери болгонуна карабай, үйлөрүндө дарыланууну улантышкан.

«Үй ээси дасторконго шириндиктерден сырткары салат, үй шартында жасалган шербеттерди койгон. Уулануунун биринчи белгилери эртеси байкалган. Бирок алар ооруканага кайрылбастан үйдө дары ичип коюп жүрө беришкен. 9-март күнү туулган күн ээси Нариман айылындагы ооруканага баргандан кийин ботулизмге шектелип жаткырылды. Тийиштүү дары-дармек берилгенине карабай, маараке өткөргөн аялдын 51 жаштагы келини менен 58 жаштагы дагы бир аял каза болуп калды«, -дейт ал.

Учурда уулануунун себеби текшерилип жатат.Сегиз адам Кара-Суу районундагы, бир адам Нариман айылындагы ооруканада дарыланып жатат. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда. Мындан башка 14 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.

2-мартта Аксы районунда алты киши ууланып каза тапкан. Жапырт уулангандар спиртке суу кошуп ичкени белгилүү болгон. 

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*