Сот: Дүйшөн Төрөкуловдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыкты

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин коррупцияга шектелип кармалган депутаты Дүйшөн Төрөкуловдун үй камагына чыгарылышы боюнча түшүндүрмө берди.

Анда кабарлангандай, Биринчи Май райондук соту 10-мартта Дүйшөн Төрөкуловдун бөгөт чарасын карап, 15-майга чейинки мөөнөткө үй камагына чыгарган.

Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга шек саналып 15-январда кармалган. Сот анын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алынган. Депутат Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган.

Төрөкулов парламенттин бүгүнкү, 11-марттагы жыйынына катышууда. Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, ага коюлган айыпты «баары жалаа» деп атады.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*