Жогорку Кеңештин жаңы депутаты ант берди

Сүрөт: Спутник

Жогорку Кеңештин бүгүн,11-марттагы жалпы жыйынында «Ата-Мекен» партиясынын жаңыдан мандатка ээ болгон депутаты Бурун Аманова ант берди.

Ал өткөн жумада Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын алган. Жаңы депутат «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара-Клара Саматтын ордуна келди.

Гүлнара-Клара Самат 22-февралда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалган.

Бурун Аманова «Небесные горы» туристтик компаниясына жана «Прогресс плюс» ЖЧКсына ээлик кылат. Аманова былтыр парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынын тизмесинде барган.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*