
Ар бир жергиликтүү кеңеш депутаты ошол аймак элинин өкүлчүлүктүү органы болуп эсептелет. Деген менен акыркы жылдары эл өкүлдөрү көзгө көрүнөөрлүк иш аткарбай келет. Мындай пикирин жарандык активист Улан Канатбек уулу TMG телеканалынын «Ачык талкуу» берүүсүндө айтты.
Анын айтымында, шаардык мэриянын иши да түздөн-түз жергиликтүү кеңеш депутаттарынын сунуштарынан көз каранды. Бирок акыркы жылдары эл өкүлдөрү эч кандай жарытаарлык иш жасабай келет. Мындан улам аларды шайлоодо өзгөчө көңүл буруу керек.
“Бул жерде эл сөзсүз түрдө сапатына көңүл бурушу керек. Мен ушул күнгө чейин шаардык кеңеш депутаттары тарабынан чоң өзгөрүштөр болду деп айта албайм. Ушунча жылдан бери көрүп жатабыз, эч кандай долбоор көзгө көрүнөөрлүк деңгээлде аткарылган жок. Бул кызматта айлык акы аз экени маалым. Ошентсе да шайлоочулар жакшылап ойлонуп татыктуусун тандашы керек”- деди Улан Канатбек уулу.
Ош шаардык кеңешинин депутаты Мирлан Аматбеков жергиликтүү кеңеш депутаттарынын ишинде жыйынтык чыкпай жатканын алардын тааныш-билиштик менен эле шайланып келгендиги менен байланыштырды. Ал калаа тургундары депутаттарды шайлап гана чектелбей, алар менен тыгыз байланышта болушу керек деген пикирде.
«Эл да жоопкерчиликти сезиши керек. Тилекке каршы, баягы эле тааныш-билиш кылып же акча берсе шайлап койгон көрүнүш дагы эле бар. Акыркы шайлоолордон кийин элдин аң сезими өзгөрдү деп ойлойм. Эл өзү туура тандоо жасашы керек. Кийин аны менен чектелбей ошол депутат менен тыгыз байланышта болуп, аймак көйгөйлөрүн айтып турса жакшы иштер аткарылат эле”- дейт Мирлан Аматбеков.
Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо өткөнү турат. Бирок калк арасында алардын эмне кызмат аткарарынан кабары жоктор бар. Эл өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгү жана алардын чечим кабыл алуу процесстерине жаштардын катышуусу боюнча толугураак «Ачык талкуу» берүүсүнүнүн кезектеги чыгарылышынан таанышыңыз.
Оставьте первый комментарий