ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин баарында баалар жогорулап жатат. Инфографика

Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттеринин баарында керектөө баалары жана тарифтер жогорулап жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Февраль айындагы көрсөткүч боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүндө эң жогорку өсүш Беларусияда катталып, инфляция бир айда 1,9 пайызды түзгөн. Андан кийинки жогорку көрсөткүч Кыргызстанда байкалып, баалар 1,1 %га өстү.

Ал эми декабрь айына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторундагы баалар Беларусияда  3,1 %га, эң төмөн Казахстанда 1,3 пайызга өстү. Ошондой эле, Арменияда азык-түлүк товарларга болгон баа, алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен 4,9 %га жана азык-түлүк эмес товарларга 2,7 пайызга жогорулады.

Статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанда 2020-жылы 2019-жылга салыштырмалуу күнүмдүк керектүү азык-түлүк 17,6% кымбаттаган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1469 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*