
Өзбекстан Кыргызстанга буга чейин талаштуу аймак болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек маалымдады.
Анын айтымында, Кыргызстан Сох анклавына транспорт жана аба каттамын ачып берүүгө макулдугун берди. Анклав жашоочулары чек ара аркылуу ары-бери эркин каттай алат.
«Кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым тилкелерди делимитация жана демаркациялоо иштерин эки тараптуу атайын комиссия чечет. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен олуттуу жана масштабдуу кызматташууга даяр экендигин билдирди», -деп айтылат маалыматта.
Эске салалы: 2016-жылдын август айында чыр чыгып, Үңкүр-Тоо аймагы боюнча талаш жаралган. Коңшу өлкө талаштуу аймакты өздөрүнө таандык деп чыгышкан.
Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу мамлекеттик чек ара маселесин үч ай аралыгында чечмей болууда. Бул тууралуу 12-мартта Ташкентте президент Садыр Жапаров менен жолугушкандан кийин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев билдирген.
Оставьте первый комментарий