Коронавирус бир күндө 63 кишиден аныкталды

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 63 кишиден жаңы аныкталды. Каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 13-мартта билдирди.

Коронавирустун жаңы учурлардын эң көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунда. Борбор калаада 26, Чүйдө 20 киши илдетти жугузуп алган. Бир сутка ичинде Ысык-Көлдө — 7, Ош шаарында — 3, Нарында — 4, Ош облусунда — 2 жана Жалал-Абада бир учур катталды. Ал эми Баткен жана Талас облустарында вирус жуктургандар жок.

Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1480 кишиге жетти. Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 86 818 киши болду. Анын 83 809у айыгып чыкты.

Азыр 318 киши ооруканаларда жатат. Анын 17синин абалы өтө оор, 78 кишинин акыбалы оор деп бааланган. Үй шартында 272 адам дарыланып жатканы расмий кабарланды.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*