
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) 11-апрелде өткөрүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 12-мартта президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорду 11-мартта экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Жыйынга катышкан 100 депутаттын 94ү макул деп, алтоо каршы деген добушун беришкен.
Кыргызстанда быйыл 10-январда референдум өтүп, президенттик башкаруу формасы тандалып алынган. Парламент Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун 3-мартта биринчи окууда кабыл алган.
Айрым депутаттар жана жарандык коом өкүлдөрү Конституциянын жаңы долбоору эреже бузуу менен кабыл алынып жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, бир ай ичинде коомдук талкуу өткөрүү талабы сакталбаганын, мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна киргизүү жана кабыл алуу процедурасы бузулганын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын корутундусу жок экенин, парламенттик угуу болбогонун белгилеп жатышат.
Кыргызстанда 11-апрелде референдум менен бирге жергиликтүү кеңештерге да шайлоолор өтөт.
Оставьте первый комментарий