УКМК: Чычкан капчыгайынан күйүүчү майды мыйзамсыз ташып бараткандар кармалды

Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы

Бишкек — Ош жолундагы Чычкан капчыгайынан 30 тонна күйүүчү-майлоочу каражаттарды мыйзамсыз ташыган жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма соз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган факты УКМКнын атайын реестирине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

«Ички күйүүчү кыймылдаткычтарга арналган жеңил көмүртектердин аралашмасы түрүндөгү күйүүчү май компонентиндеги жүк Чүй облусундагы жеке ишкерге таандык болгон. Бирок көрсөтүлгөн күйүүчү май ташуучу унаа өлкөнүн түштүк аймактарын көздөй бара жатып, тагыраагы Бишкек — Ош жолунундагы Чычкан капчыгайынан (234 чакырым) кармалган. Учурда тиешелүү экспертизаларды дайындоо менен окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Автор Т-медиа 11674 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*