Баткенде баңгизат жана курал-жарак сакталган жер аныкталды

УКМК тараткан сүрөт

Баткен районунда баңгизат жана курал-жарак, ок дарылар сакталган жер аныкталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда бул ишке тиешеси бар кишилерди аныктоо аракети көрүлүп жатат. 

Маалыматка караганда, жашырылган жерден мылтыктын 5,45 жана 7,62 мм. калибрдеги 37 даана ок жана жалпы салмагы 250 граммдан ашык марихуана жыттанган зат табылган.

Факт боюнча 11-мартта Жазык кодексинин 253-беренеси (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды. Табылган буюм, заттар экспертизага жиберилген.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*