Коронавирус бүгүн 67 кишиден аныкталды. Эки бейтап көз жумду

Өткөн бир сутка ичинде коронавирус илдетинен Бишкек шаарында 2 бейтап каза болду. Вирус дагы 67 адамдан аныкталып, 39 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 15-мартта билдирди. 

Коронавирусту жаңы жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында 43 жана Чүй облусунда- 16. Ошондой эле, Ош шаарында-3, Ысык-Көлдө- 4, Жала-Абадда- 1 адамдан аныкталып, калган аймактарда жаңы катталгандар жок.

Былтыркы жылдын март айынан бери вирусту жугузгандар 86 917ге жетти. Анын 83 875и сакайып чыкты. Илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 1483.

Учурда стационарда дарыланууда –345 бейтап жатат. Алардын ичинен 17си өтө оор, 91и оор абалда.  Амбулатордук дарыланууда – 275 бейтап бар.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1487 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*