Ошто пандемия учурунда үй-бүлөлүк зомбулук өскөн. Видео

Кыргызстанда пандемия мезгилинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көбөйүп, Ош шаарында өткөн жылы 235 факт катталган. Бирок алардын көпчүлүгү арызын кайтарып алгандыктан, иш сотко өтпөйт же милицияга кайрылбай катталбай калган учурлар да көп болгон. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлү Нургүл Исакова TMG телеканалынын «Ачык талкуу» берүүсүндө билдирди.

«Пандемия мезгилинде башка кылмыштар азайып, үй-бүлөлүк зомбулук менен катталган фактылар көбөйдү. Кайрылуулар көбүнчө телефон аркылуу түшүп жатты. Бирок бизде аялдар арыздангысы келишпейт дагы, уруш күчөгөн убакта чакырышат. Бирок, окуя катталгандан кийин арыздарды алганга чейин же аял арыз жазбай коёт же жазып туруп бир сааттан кийин кайтарып алат. Ошондуктан катталган фактылардын 50 пайызы кайра кыскартылып кетет»- деди Нургүл Исакова

Кыргызстанда мындай факт катталса, жабырлануучунун өзүнүн арызысыз зомбулук көрсөткөн адамды камакка алганга болбойт. Бул учурда аялдардын көпчүлүгү арыз жазуудан баш тартат. Мындан улам, ушул тапта үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталып жатат. Анын негизинде жабырлануучунун арызы болбосо, ага күбө болгон жарандын арызы менен да аялына же балдарына кол көтөргөн үй-бүлө мүчөсүн 48 саатка камакка алууга мүмкүндүк түзүлөт.

Буга чейин үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамдын негизинде:  Үй-бүлөдө зордук-зомбулук фактысы катталса жабыр тарткан адамга алгач үч күндүк коргоо ордери берилип келген. Бул убакыт ичинде жабырлануучу аял же өспүрүм бала менен зомбулук көрсөткөн үй бүлө мүчөсү сүйлөшпөй, бирге тамактанбай аралыкты сакташы керек болот. Бул үч күн аралыгында да ур-соккуга алса ал мөөнөт бир айга узартылат. Ошол бир ай ичи дагы зомбулук болсо гана иш арыздын негизинде тергөөгө өтүп келген.

«Аруулан» кризистик борборунун жетекчиси, психолог Наргиза Ештаеванын айтымында коргоо ордери берилген убакта анын эрежелерин сактабай кайрадан эле кол көтөргөн учурлар көп катталат. Мындан улам, мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр зордук-зомбулуктун курч мүнөздө ырбап кетишинен сактап калышы мүмкүн.

«Жаңы өзгөртүүлөр боюнча убактылуу коргоо ордерине карабастан зордук-зомбулук көрсөткөн адамды 48 саатка алып барып, камап койгонго мүмкүнчүлүк бар. Убактылуу коргоо ордерин бергенде зордук көрсөткөн кишилерге анча таасирин бербейт. Бизде көп учурда анын эрежелерин бузуп кайра эле кол көтөргөн учурлар көп. Аларды дароо эле 48 саатка камакка алганы психологиялык жактан жабырлануучуну да, зомбулук көрсөткөн адамды да сактап калат. Себеби уруш учурунда эмоцияга алдырып, адам өлтүрүп же суицидке чейин алып барган учурлар болушу мүмкүн»— деди Наргиза Ештаева.

Аталган кризистик борборго үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен кайрылгандардын саны 2019-жылы 326 болсо, 2020-жылы үч эсе көбөйгөн. Негизи эле мындай факт менен кармалган жарандарга кандай жазалар каралган? Өлкөдө аялдарга карата зомбулуктун ырбап жатышына эмне себеп? Анын кантип алдын алса болот? Ушул жана башка суроолорго «Ачык талкуу» программасынын  төмөндөгү «Аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук фактыларына реакция жасоо механизмдери» темасындагы берүүсүнөн жооп алыңыз.


Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 215 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо