Тажикстанда кармалган кыргызстандыктар кайтарылды

Коңшу Тажикстанда кармалып турган 12 кыргызстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар коңшу өлкөнүн чек арасын мыйзамсыз басып өтүүгө айыпталып, Тажикстандын мамлекеттик органдары тарабынан  кармалган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Баткен облусунун  беш жараны, Ош облусунун эки тургуну 13-14-мартта мал мүлкү, унаалары менен кайтарылган.

«Алар Тажикстандын соту тарабынан соттолуп, аталган мамлекеттин мыйзамы боюнча айып салынып, сот залынан кое берилген», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, ушул жылдын 23-февраль күнү Тажикстандын  аймагынан кармалган  Лейлек районунун жергиликтүү  үч тургуну, ыйгарым укуктуу өкүл Өмүрбек Суваналиев менен Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, Кыргызстанга кайтарылган. Анткени алар Тажикстандын аймагынан эмес, мамлекеттик чек ара сызыгынан кармалган үчүн, эскертүү гана берилген. 

Учурда облустун чек аралаш аймактарында, чек арадан өтүү эрежелери боюнча, эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Тийиштүү жерлерге атайын белгилер орнотулган. 

«Баткен жана Согди облустарынын чектеш аймактарында орун алган бул маселелерди чечүү боюнча, эртең 16-мартта Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев, Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолугушуп, эки облустун чек аралаш аймакта жашаган элинин суранычы боюнча, пандемиядан улам жабылган, Лейлек районундагы “Кулунду” жана “Кайрагач” көзөмөл өткөрүү жайын ачуу маселесин да  карашат»

Учурда Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз басып өтүү боюнча айыпталып, Тажикстандын 15 жараны эки айга камака алынган. 

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*