Баткенде адам өлтүрүү иши боюнча милиция кызматкери кармалды

Баткен облусунда милиция кызматкери адам өмүрүнө кол салуу иши боюнча кармалып, дагы бир кызматкер изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматкерлери мыйзамды бузган кызматкерлерин кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында, 13-мартта саат 01:45 чамасында  Баткен облусу боюнча ички иликтөө кызматынын  өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү Х.К. кармалган. Ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

«Экинчи шектүү Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн начальниги, милициянын подполковниги М.Нны кармоо иштери жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты КЖБРге катталып, Жазык кодексинин 39-130-беренесинин 1-бөлүмү (Адам өмүрүнө кол салуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. 

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*