Ноокатта төшөлгөн асфальт жыл айланбай бузула баштады. Жоопкерчиликти ким алат?

Ош облусунун Ноокат районунун Насирдин Исанов айыл өкмөтүнүн тургундары «TMG» телеканалына кайрылып, Тескей-Кожеке айылындагы жолго төшөлгөн асфальт сапатсыз басылып калганын билдиришти. Мындан сырткары, таза суу үчүн ар бир үй-бүлөдөн 10 миң сомдон чогултулган каражаттын дайынын ачыктап берүүнү суранышкан. 

Сапатсыз төшөлгөн асфальт бир жылга жетпей бузула баштаган.

Тескей-Кожеке айылындагы көчөгө асфальт 2019-жылдын октябрь айында төшөлгөн. Бирок жолдун айрым жерлери бир жылга жетпей эле бузулган.  Жергиликтүү тургундардын айтымында, асфальт эл көрсүн үчүн эле сапатсыз басылып калган. Учурда анын айрым бөлүктөрү таптакыр жарактан чыгып, кайра оңдоого муктаж абалда турат.

«Азыр эми бир жыл болуп-болбой чөгүп, жарылып ушундай жаман болуп калды. Ошон үчүн элдер чогулуп жатат. Муну бузуш керек. Кайсы фирма уткан болсо да кайра башка кылып берсин. Болбосо акчасын нак өкмөткө төксүн. Биз кайра башынан жасатыбыз», —деди Тескей-Кожоке айылынын тургуну Абдикамил Казыбеков.

«Бир сантиметр чыкса чыгат, чыкпаса жок. Шагыл төшөлгөн эмес. Асты ак ылай экен. Баткак ак топурак. Көзгө көрүнүп эле турбайбы? Бул бирөөнү жок жерден эле жамандаоо эмес, бул биздин жолубуз. Биздин айылыбыз» дейт айыл тургуну Садирдин Сүйүнбаев.

Айылга асфальт төшөлөөрдө тургундар ашарга келип, көп жумуштарды өздөрү эле аткарышкан. А тендерден уткан Оштогу «Монтаж Строй»  компаниясынын өкүлдөрү кыштакка бир жолу да басып барган эмес.

«Айыл башчы катары жолду кеңейтип түбүн мен саздап бердим. Асфальтты Сыдыков Маматали деген балабыз басып берди. Жалган болсо, элдер далилдеп берет. Эл өз күчүбүз менен жолдогу электр мамычаларын бир метр жылдырып чыктык» — деди айыл башчысы Ибайдулла Абдрахманов.

Тургундар нааразы болуп жаткан асфальт төшөө иштери Исанов айыл өкмөтүндөгү Каримбай Надиров көчөсүндөгү жолго басылган. Демилгени айылдык кеңештин депутаты Маматали Сыдыков көтөрүп чыккан. Ал көчөгө аталган депутаттын жакын тууганынын аты берилген. Ошентип айылдык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен жергиликтүү бюджеттен 1 миллион 362 миң сом бөлүнгөн.

Айыл өкмөт башчысы Марат Маматовдун айтымына караганда, асфальт басуу иштерин тендерден «Монтаж Строй» фирмасы утканы менен иш жүзүндө айылдык кеңештин депутаты Маматали Сыдыков аткарган. Мындан улам, айыл өкмөт башчысы депутатты сынга алды.

«Маматали Сыдыков деген келип айылда иш кылып жатты. Күн сууп кетти. Мен төрт бөлүп акчасын которуп бердим. Анан биз техназор жалдаганбыз. Ал 315 миң сомдук жумуш аткарылган эмес деген корутунду чыгарып берген. Бул ишке эл нааразы. Депутат болгондон кийин депутаттыкты кылыш керек да» деди Исанов айыл өкмөтүнүн башчысы Марат Маматов.

Келишим боюнча 550 метр жерге асфальт төшөлүп, туурасы 5 метр, калыңдыгы 5 сантиметрден кем болбошу керек болчу. Бирок шарттары толугу менен аткарылбай калган. Асфальттын калыңдыгы 4 см, туурасы болсо 4.8 метрге чейин болуп аз басылган. Ал эми жолдун 130 метр жерине асфальт басылбай калып кеткен.

«Монтаж Строй» фирмасынын жетекчиси Маратбек Калыковдун айтымында компания тендерден утуп чыккандан кийин ишти өзү аткарууга мүмкүн болбой, айылдык кеңештин депутаты Маматали Сыдыковго өткөрүп берген. Бирок сүйлөшүү документ менен тастыкталбагандыктан Сыдыков тергөө учурунда тиешеси жоктугун айткан. Асфальт толук төшөлбөй калгандыктан Калыков 315 миң сом айып төлөгөнүн кошумчалады.

«Ал жолду башында биздин компания өзүбүз баштаганбыз. Кийин  Маматали Сыдыков деген киши «Жардам берем» деп аралашып жүргөн. Жумушту юридикалык жактан өзүбүз аткарганбыз. Бирок суук түшүп калгандыктан иш аягына чыкпай калган. Эми 20-майга чейин өз каражатыбыз менеН толук бүтүрүп, тапшырып беребиз» деди «Монтаж Строй» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Маратбек Калыков.

Айылдык кеңештин депутаты Маматали Сыдыков менен телефон аркылуу байланышканыбызда жолугуп интервью берүүдөн баш тартты.  Өзүн «Көчкү басты» деген аталыштагы газетанын редакторунун орун басары жана айылдык кеңештин депутатымын деп тааныштырды. Ал айылдын жолуна асфальт басууга тиешеси жокутугун айтып, каралоо болуп жатканын билдирди.

«Ал менин атамдын атындагы көчө. Мен чоңойгон көчө. Кандай тиешем бар. Мен куруучу эмесмин да, журналистмин. Анан коомдук ишкер депутатмын. Туура, келип иштеген адамдарга чай уюштуруп бергенмин. Жатакана уюштуруп бергенбиз. Асфальттын сапатсыз курулганына тиешем жок. Мени асфальт куруучу эмесмин да туурабы?»-деди Айылдык кеңештин депутаты Маматали Сыдыков.

Төшөлгөн асфальт жыл айланбай бузула баштаганы чындык. Тендерден уткан компания талкаланган жолду жай ичи бүткөрүп берүүнү элге убадалап жатат. Бирок иш жүзүндө качан башталаары белгисиз. Биздин чыгармачыл топ мындан ары да окуяга көз салып турмакчы. Бул фактылар боюнча териштирүү иштерине укук коргоо органдары баа берет.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*