
Ош облусунун Кең-Сай конушуна электр энергиясын эл өзү тартып баштады. Бийликтин аракетин күтүүдөн тажаган жашоочулар электр чубалгыларын өз эсебинен тартып келүүгө аргасыз болууда.
Кең-Сай массивинин Араван районуна караган бөлүгүндө орточо эсеп менен 30дун тегерегенде үй салынган. Деген менен эч кандай социалдык шарттар түзүлгөн эмес. Таза суу жана электр энергиясы ушул күнгө чейин тартылып келе элек.
Советбек Гадаев Кең-Сай конушуна мындан үч жыл мурун көчүп келген. Эки жыл электр энергиясы жок жашап, акыры өз алдынча тартып келүүгө аргасыз болгон. Анын айтымында, бир чакырым 300 метр аралыктан электр чубалгыларын тартып келүүгө 50 миң сомдун тегерегинде каражат кеткен. Орноткон электр мамылары эптемей болгон үчүн кооптуу, шамал жүрсө туруштук бербейт.
«Кээде камаз машиналар өтөт, кээде катуу шамал болот. Кооптонобуз. Андайда мамычалар жыгылып түшөт. Электриктерди чакырып өз жаныбыздан оңдотобуз. Бекер келишпейт, 400-500 сом топтоп беребиз. Чындыгында мамычалар талапка жооп бербейт. Эми айла жок да», -дейт Советбек Гадаев.
«Жарыкка жетпей кыйналдык»
Бийликтин аракетин күтүүдөн тажаган жашоочулар электр чубалгыларын өз эсебинен тартып келүүгө аргасыз болуп жатышат. Каражаты жеткендер жалгыз тартып келсе, жетпегендери үч-төрт үй биригип маселесин чечүүдө. Бирок тартып келишкен электр жарыгы жарытарлык эмес. Кубаттуулугу үйгө жарык бергенден башкага жарабайт. Жашоочулардын бири Нургүл Ташиева буларды айтып берди:
«Кошуналар менен бирге 40 миң сомго кабель алып келип электр жарыгын өз алдыбызча тартып аллганбыз. Бирок телевизор, лампочкага гана иштетебиз. Кеээде чырак сымал болуп калат. Ал эми нан бышыруучу меш сайбайбыз. Өкмөт ушул нерсени карап берсе жакшы болмок».
Электр энергиясын тартып келүүгө чамасы жетпегендер караңгыда отурууга аргасыз. Жашоочулардын айтымдарына караганда, Кең-Сай конушундагылардын дээрлик 80%ы электр жарыгы жок жашашат. Телефон жана башка аппараттарын кубатын кошуналарынын үйүнөн толтуруп күн кечиришет. Андайлардын бири Назира Кочкорова.
«Электр жарыгы жок кыйналдык. Ар кимдин үйүнө каттап, радиому, телефонуму, фонарикти кубаттап кетем. Картайган адамдар үчүн кыйын эле болууда. Бир жарым жылдан бери эле ушул абал. Электр мештерин иштетпесек да жок дегенде телефон кубаттап, үйдүн ичи жарык болуп турса жакшы болмок да», -деп нааразы болду Назира Кочкорова.
Жергиликтүү бийлик электр энергия менен камсыздоо иши аягына чыкпай жатканын каржы маселеси менен түшүндүрөт. Маалыматка караганда, Кең-Сай массивиндеги шарттарды түзүү үчүн 10 миллиард сомго жакын каражат кетээри аныкталса, иш жүзүндө 1 миллиард сомго жетпеген акча бөлүнгөн. Каржы бөлүү дээрлик беш жылдан бери токтоп турат.
«Жалпы сметалык баасы 220 млн. сомдун тегерегин түзөт. Бүгүнкү күндө анын 190 млн. сому каржыланып, көмөкчү чордондор алып келинип орнотулган. Бирок бүгүнкү күндө калган бөлүгү толук аткарыла элек. Өзүңүздөргө маалым болгондой, Кең-Сай массиви боюнча укук коргоо кызматкерлери текшерүү жүргүзүп жатышат. Азырынча жыйынтыгы чыга элек», -деди Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Дамир Калыкбердиев.
Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Кең-Сай конушун электр энергиясы менен камсыздоо боюнча курулуш ишинде мамлекетке 73 миллион сом зыян келтиргенин аныктаган. 10 миңден ашуун адамга жер бөлүнүп берилген Кең-Сай конушунун жарымы шаарга, жарымы облустун курамына киргизилип экиге бөлүнгөн. Ага шарт түзүү үчүн ошол кездеги Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүчү дирекциядан, облустук Капитал курулуш башкармалыгынан каражат бөлүнгөн.
Оставьте первый комментарий