Садыр Жапаров: саясатчыларга, журналисттерге карата саясий куугунтук болбойт

Кыргызстанда саясатчыларга, журналисттерге карата саясий куугунтук болбойт. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттыкка» курган маегинде белгиледи. Мамлекет башчы буга байланыштуу сотторго, укук коргоо органдарына да эскертип жатканын айтты. 

Ал маегинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан атайын кызматтын мурдагы төрасы Абдил Сегизбаевдин иши боюнча мындай деди:

«Абдил Сегизбаевдин шайлоого чейин эле козголгон кылмыш иши бар болчу. Эми биз мурункудай куугунтуктагыбыз келсе шайлоого жеткирбей эле куугунтуктап койсок болот эле да. Сотторго: «Иши далилденсе гана камагыла» деп айтып атам. Тергөөчүлөргө да айтып атабыз. Мындан ары саясий куугунтук болбойт. Эгерде саясий куугунтук боло турган болсо Абдил Сегизбаев эле эмес, мени менен кошо президенттик шайлоого 15-16 талапкер чыкты. Андан сырткары көчөгө чыгып алып саясатчысы деле, саясатчы эмеси да кыйкырып митинг кылып атат. Биз бирөөсүн да куугунтуктаган жокпуз го. Же бир мурункудай журналисттерди куугунтук болгон жок да. Мурда Сыргак Абдылдаевди сайып кеткен, колу-бутун бууп, көп кабаттуу үйдөн ыргытып жибергендери, камалгандары бар. Азыр эч нерсе болгон жок да», — деди Жапаров.

Буга чейин Башкы прокуратура президенттик шайлоодо талапкер болгон УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев «Белизгейт» фактысы боюнча камалганын билдирген. Башкы көзөмөл органы Сегизбаевдин үстүнөн жалпысынан алты иш тергелип жатканын кабарлаган.

Абдил Сегизбаевдин үстүнөн алты иш тергелүүдө. Алар кайсылар?

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*