Өзбекстандан алынган ПЧР-тест Кыргызстанга, Кыргызстанда тапшырылган анализ Өзбекстанга жарактуу болду

"Достук" чек ара бекети

15-марттан тарта Өзбекстанга келгендерге милдеттүү түрдө ПЧР-анализ тапшыруу жокко чыгарылганы тууралуу маалымат кыргызстандык айрым онлайн сайттарда жана мессенджерлерде пайда болду.   

“Т-Медиа” бул маалыматтын чын-бышыгын текшерип көрдү.

Спутник KG сайты Sputnik Өзбекстан агенттигиндеги материалды алгачкы булак катары көрсөткөн. Аталган сайтта COVID-19га каршы күрөшүү боюнча атайын республикалык комиссия өлкөгө келген жарандарды бекеттерден жана аэропорттон милдеттүү түрдө коронавируска тест тапшыртуу талабын алып салганы тууралуу маалымат жарыяланган. 

Макалада мындай чечим 15-марттан тарта күчүнө кирери айтылат. Жаңы эрежеге ылайык, коңшу өлкөгө аба жана темир жол каттамы менен барган жүргүнчүлөр COVID-19 жок экенин ырастаган маалымкатты гана көргөзүп өтө алат. Сапарга чыгардан 72 сааттан же үч суткадан кеч эмес убакытта ПЧР-анализ тапшырган болушу шарт.

Милдеттүү ПЦР-тест тапшырууну жокко чыгаруу республикалык штабдын 13-марттагы жыйынында кабыл алынганын Kun.uz сайты да жазды. 

Ал арада Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы эреже өлкөгө келген конокторго ыңгайлуулук жаратуу, туризмдин деңгээлин көтөрүү максатында эпидемиялык абалдын турукташканын эске алуу менен киргизилгенин кабарлады. Эгерде жарандар жол каттамы менен аталган өлкөгө жөнөсө, анда акыркы 72 саат ичинде тапшырган ПЧР-анализи таза экенин тастыктаган кагазын көрсөтүүсү зарыл. Анализинин жыйынтыгы жоктор чек ара аймагында атайын уюштурулган лабороторияда экспресс-тест тапшырса болот. 

Соода, туризм алакаларын жакшыртуу максаты

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү «Т-Медиага» билдиргендей, учурда Кыргызстан менен Өзбекстанда эпидемиологиялык кырдаал туруктуу деп бааланууда. Мындан улам эки өлкө ортосундагы соода, туризм алакаларын жакшыртуу максатында милдетүү алгоритм катары эсептелинген ПЧР-анализин тапшырууда жеңилдетүү берилди. Бирок — бул биротоло алынып салынды дегенди түшүндүрбөйт. Тактап айтканда Өзбекстандан алынган ПЧР-тест Кыргызстанга, ал эми Кыргызстандан тапшырылган анализ Өзбекстанга жарактуу деп табылат.

“11-13-март күндөрү президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында бир катар келишимдерге кол коюлду. Анын эң негизги жыйынтыгы катары — эки тараптуу алаканы жакшыртуу, сооданы күчөтүү, туризмди жакшыртуу болду. Ошондой эле “Жол картасын” бекитүүнүн алкагында эки тараптын чек арасынан милдеттүү алгоритм катары эсептелген ПЧР-анализин тапшыруу алып салынды. Мисалы, Кыргызстандан Фергана, Анжиян облустарына жумуш менен баргандар же ички туристер үчүн жол акысы кыргыз сому менен 150 сомду түзсө, ПЧР-анализ 1600 сом болот экен. Өзбекстан тараптан бул жакка келгендерге да ушундай эле ыңгайсыздык болуп жаткандыгын айтып атышат. Бул өз кезегинде соода алакаларына тоскоолдук жаратчу”, -деп билдирди өкүлчүлүктөн. 

Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөттөрү чек ара өткөрүү пункттарына пандемиядан улам киргизилген чектөөлөрдү былтыр сентябрь айында алган.  1-сентябрдан тартып «Достук», «Кызыл-Кыя» жана «Маданият» чек ара бекеттеринен эки тарапка адамдар мурункудай каттай башташкан. 

Эки өлкө ортосундагы чек өткөрүү пункттарына коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылдын март айында чектөөлөр киргизилип, эл ээн-эркин каттай албай калган болчу. 

Жыйынтык: Өзбекстанга келгендерге милдеттүү түрдө ПЧР-анализ тапшыруу жокко чыгарылганы чын. Мындан ары Өзбекстандан алынган ПЧР-тест Кыргызстанга, Кыргызстандан тапшырылган анализ Өзбекстанга жарактуу болду.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо