Чет элдик мекендештерге «Мекен карт» 1-сентябрдан берилет. Ал эмне мүмкүнчүлүк берет?

Биринчи вице-премьер министр Артем Новиков чет элдик жарандыгы бар мекендештерге «Мекен карт» документин 1-сентябрдан тарта бере баштоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Мекен карт» — мамлекеттик маанидеги документ катары чет элдик жарандыгы бар кыргызстандыктардын макамын тастыктайт. Аны берүү мыйзамы 2020-жылдын 4-августунда күчүнө кирген. Бирок ишке ашырылган эмес.

«Чет элдик жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чараларды кабыл алуу керек.  Мыйзамга ылайык, мекендеш макамына ээ болгон чет элдик жарандарга белгилүү укук жана жеңилдиктер берилет. Биз аларды мындан ажыратпашыбыз керек», — деди Артем Новиков.

Мындан улам, Новиков үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине чейин бардык юридикалык процедураларды жыйынтыктап, 1-сентябрдан тарта «Мекен карт» документин жарандарга бере баштоону тапшырды.

 «Мекен карт» алган чет элдик мекендештерге төмөнкү мүмкүнчүлүктөр каралат:

— Визасыз кирип/чыгуу;

— Кыргызстандын аймагында жашап туруу укугун тариздөөсүз түрдө туруктуу жашоосу;

— Эмгек визасын жана ишке уруксат берүүнү тариздөөсүз, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү;

— Кыргызтандын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн учурдан тарта 90 күн ичинде келген жери боюнча жеңилдетилген формада каттоодон өтүүсү;

— Кыргызстандын жарандары менен бирдей акы төлөө шартында медициналык жана билим берүү тейлөөсүн алуусу;

— Жер үлүшүнө жана/же жер тилкесине укугу пайда болгон учурдан тарта (эгер мураскер болсо), ал жер КР жаранынын пайдасына алынмайынча, аны 10 жылга дейре пайдалана алуусу.

Ошондой эле «Мекен карт» алган адам чет элдик жарандыгы бар мекендеш макамына ээ болуп, Кыргызстандын жарандарына берилген бирдей укуктардан пайдалана алышат. Бирок, шайлоо жана шайланууга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта, укук коргоо органдарында, коргоо жана сот тутумунда кызмат орундарын ээлөөгө укугу жок болот.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1489 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*