Кызыл-Кыяда турак үйдөн өрт чыгып, 500 тоок күйүп кетти

Баткен облусунун Кызыл- Кыя шаарындагы Кыргызская көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыгып, 500 тоок күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн 17-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Тилсиз жоо бүгүн 17-мартка караган күнү саат 03:45 чамасында болгон.

«Өрттү өчүрүүгө Кызыл- Кыя шаардык №62 өрткө каршы куткаруу бөлүмү тартылып, 04:42 де толугу менен өчүрүлдү» — деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Өрттөн бир кабаттуу бастырманын 40 чарчы метр жери күйгөн. Ошондой эле сарайдын ичинде болгон 350 тоок, 150 жөжө өрттөнүп кеткен. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*