Салык кызматы декларация тапшырууну эскертти. Мөөнөт 1-апрелге чейин

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 1-апрелге чейин салык декларациясын милдеттүү түрдө тапшырышы керек. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Декларацияны катталган жери боюнча салык органына электрондук түрдө гана тапшыруу керек. 

«Тапшыруу мөөнөтү өткөндөн кийин же эч тапшырбаган мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер боюнча материалдар прокуратура органдарына жиберилет», — деп айтылган маалыматта.

Декларацияны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден тышкары жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) менчик ээлери, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар 1-апрелге чейин тапшырууга милдеттүү.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 3-апрелиндеги мыйзамга ылайык, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын берүүгө жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*