Шайлоо 2021: прокуратура ЖМК менен социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүдө

Башкы прокуратура шайлоодо мыйзам талаптарынын так сакталышы боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп, жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернет булактарына жана социалдык тармактарда мониторинг жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган көзөмөл органынан билдиришти.

«Мыйзамга ылайык, үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга, таратууга мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иши менен аракеттенген уюмдарынын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, жаш өспүрүмдөр, чет өлкөлүк жарандар, уюмдар, жарандыгы жок адамдар укуксуз экендигин эскертебиз», — деп жазылган маалыматта.

Мындан сырткары, прокуратура жана башка укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна бөгөт коюу боюнча чараларды көрөт. Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүдө улуттук, этностук, расалык, диний, регион аралык жек көрүүнү, кодулоого чакырган гендердик жана башка социалдык артыкчылыкты пропагандалоого же бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарын жасоого, кандай гана формада болбосун шайлоочулардын добушун сатып алууга тыюу салынгандыгын шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына түшүндүрүп, мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болот. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. 28 шаардык кеңешке 61 саясий партия катышуу ниетин билдирди. Үгүт өнөктүгү 11-мартта, саат 23:59да башталат.

Автор Т-медиа 12136 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*